И.М. Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медицина университетинин студенттери К.И. Ахунбаев атындагы КММАда педиатрия практикасынан алган тажрыйбасы
Эл аралык ишмердик 14 Ноябрь 2025
И.М. Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медицина университетинин студенттери К.И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында педиатрия практикасынан өтүштү. Практика учурунда алар Кыргызстандагы педиатриялык жардамдын уюштурулушу менен таанышып, ар кандай курактагы балдардын каралуусуна катышышты жана стационарларда жана амбулатордук бөлүмдөрдө дарыгерлердин ишин байкашты.
 
 
Болочок адистер практиканын өтө жемиштүү жана пайдалуу болгонун белгилешти. Алар теориялык билимин практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышып, баштапкы текшерүүнү жүргүзүүнү, анамнезди чогултууну, бейтаптардын абалын көзөмөлдөөнү жана клиникалык талкууларга катышууну үйрөнүштү.
 
 
Окуу жайдын профессорлору жана дарыгерлери жогорку кесипкөйлүктөрүн жана жылуу мамилесин көрсөтүшүп, окууга ыңгайлуу чөйрөнү түзүштү. Студенттер КММАда алган тажрыйба алардын кесиптик өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам болуп, педиатрдын чыныгы шарттардагы иштерин жакшыраак түшүнүүгө жардам бергенин белгилешти.
 
ёк4
 
Студенттерди жаны келген күнү ректор И.Кудайбергенова тосуп алган жана алар эки жумалык практиканы өтүшкөн. Кетээрде аларды кайрадан ректор жылуу кабыл алып, аларга КММАнын бренддик белектерин тапшырды.