IZEN IMPLANT (Корея Республикасы) жана КММА ортосундагы кызматташтык Меморандумга кол коюлду
Эл аралык ишмердик 19 Февраль 2026
 
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына (И.К. Ахунбаев атындагы) IZEN IMPLANT компаниясынын (Корея Республикасы) жана ОсОО «Дэймед» өкүлдөрү келип, академиянын ректораты менен жолугушуу өткөрүштү.
📅 Жолугушуу 2026-жылдын 18-февралында КММАнын башкы корпусундагы №2 конференц-залда өттү. Иш-чарага эки тараптын жетекчилери жана жооптуу өкүлдөрү катышты.
 
 
🤝 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар стоматология жана денталдык имплантология тармагындагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле билим берүү жана илимий-практикалык демилгелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
📄 Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана адистерди даярдоого заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бул кызматташтык медициналык билим берүүнү жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз.