КММА Красноярск мамлекеттик медициналык университети менен кызматташтыкты кеңейтүүдө
Эл аралык ишмердик 24 Ноябрь 2025
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Красноярск мамлекеттик медициналык университети кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.
 
 
Келишимдин алкагында студенттердин, окутуучулардын жана илимий кызматкерлердин өз ара стажировкаларын жүргүзүү, биргелешкен билим берүү долбоорлорун жана илимий иш-чараларды өткөрүү каралган.
 
 
— Россиянын алдыңкы медициналык университеттеринин бири менен келишим түзүү — эл аралык академиялык кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү кадам. Өткөн жылдан бери биздин командалар фармакология жана фармацевтикалык кенеш берүү багыттарында кызматташып келет, ал эми 2025-жылы өнөктөштүк чет тилдер боюнча биргелешкен долбоорлор менен кеңейди.
Мындан аркы кызматташуубуз узак мөөнөттүү, ишенимдүү жана өз ара пайдалуу болуп, өлкөлөрүбүздө медициналык билим берүүнүн жана илимдин өнүгүшүнө жаңы мүмкүндүктөрдү ачарына ишенебиз, — деп белгиледи КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Мускай Исмаилбеков.
 
 
Келишимге кол коюу Красноярск мамлекеттик медициналык университетинин базасында өтүп жаткан «Студенттик медициналык отряддар» багыты боюнча Россия студенттик отряддарынын «Труд крут» жалпы россиялык кесиптик чеберчилик конкурсунун алкагында болду.