КММАда ZARMED University менен кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду
Эл аралык ишмердик 10 Апрель 2026

Бүгүн И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) Өзбекстан Республикасынын «ZARMED University» ЖЧКсы менен кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.
Документке КММАнын ректору Индира Орозобаевна Кудайбергенова жана «ZARMED University» ЖЧКсынын башкы директору Дилшод Далерович Шукруллаев кол коюшту.



Келишим билим берүү, илим жана инновация тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, конференциялар менен семинарларды өткөрүүнү, академиялык алмашууларды уюштурууну жана илимий кадрларды даярдоону өнүктүрүүнү пландаштырууда.



Ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууга, эл аралык илимий журналдарда макалаларды жарыялоого, клиникалык изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана инновациялык медициналык технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Бул келишимге кол коюу эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана медициналык билим берүү менен илимдин сапатын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.