Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Глобалдашуу жана санариптик трансформация доорундагы дүйнөлүк илим жана заманбап чакырыктар» Эл аралык илимий форумунун ачылышы болуп өттү, анын уюштуруучуларынын бири И.К.Ахунбаев атындагы м Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.
КММАда болуп өткөн «Медицина» секциясынын пленардык жыйынына окуу жайдын өкүлдөрү – илим жана медицина иштери боюнча проректору Ниязбек Маматов, тармактар аралык биомедициналык илимий изилдөө борборунун директору Улан Кундашев, жогорку окуу жайдын декандары жана кызматкерлери катышышты.
Эксперттер өз баяндамаларында темалардын кеңири спектрин козгошту: онкопатологияны дарылоо, илимий басылмаларды текшерүү үчүн компьютердик программаны өркүндөтүү, экстракорпоралдык уруктандыруу, урологиялык хирургиянын жаңы горизонттору, COVID-19га баа берүү жана башкалар.
Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана КММАнын окумуштуулары келечектүү илимий багыттарга, инновациялык иштеп чыгууларга, технологияларга, ошондой эле заманбап медицинанын материалдарына тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулашты.