Эл аралык ишмердик
22 Апрель 2026
Академик, медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Артисбекович Джумабеков — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы жана Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборунун (БНИЦТО) директору, ошондой эле Улуттук травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси катары Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында илимий жана практикалык тажрыйба алмашууга катышты.

Ал Пекин университетинин жана анын Биринчи ооруканасынын чакыруусу менен Кыргызстанда даярдалган 10 ортопед-травматологду баштап барды. Делегациянын курамына Ош, Манас, Каракол, Талас жана Бишкек шаарларынан келген жаш адистер кирди.
Сапардын биринчи күнү Пекин университетинин Биринчи ооруканасында эл аралык конференциянын ачылышы болуп өттү. Анда Сабырбек Джумабеков “Комплекстүү ыкмалар менен сөөктү узартып өстүрүү” жана сколиоз менен жабыркаган бейтаптарда омуртканы эндокорректор аркылуу түздөө темаларында эки илимий баяндама жасады.

Экинчи күнү ал Университеттин Үчүнчү ооруканасында сөөк рагын цементсиз эндопротездер менен дарылоо боюнча доклад окуду. Конференциядан кийин кыргызстандык дарыгерлер кытайлык кесиптештеринин робот-ассистенттердин жардамы менен жүргүзгөн операциялары менен таанышышты.
Үчүнчү күнү делегация 2022-жылы Чунли шаарында өткөн Кышкы Олимпиадага арналган медициналык жана реабилитациялык борборду көрүп, заманбап робот-реабилитациялык технологиялар менен таанышышты.

Иш сапардын жыйынтыгында Пекин университетинин Биринчи жана Үчүнчү ооруканалары, ошондой эле Чунлидеги медициналык мекемелер менен илимий кызматташтыкты кеңейтүү, кадрларды даярдоо, телемедицина жана башка багыттар боюнча меморандумга кол коюлду.
Мындан тышкары, Пекиндеги “ИЮЗ” технологиялык компаниясынын президенти Лун Сяньо тарабынан Улуттук травматология жана ортопедия борборуна баасы 150 миң долларлык робот-реабилитолог белекке тапшырылды.