Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 96 жылдыгына арналган иш чара
12 Декабрь 2024

“Фармация” факультетинин студенттери кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 96 жылдыгына арналган иш чара  ѳткѳрүштү. 

КММАнын “Фармация” факультетинин фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы кафедрасынын окутуучулары 3-курстун студенттери  менен  2024-жылдын 10-декабрында кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 96 жылдыгына арналган фармакогнозия сабагы боюнча интеллектуалдуу билим таймашын  ѳткѳрүштү.

 

 

Ар  бир жаңы окуу жылынын биринчи жана экинчи жарым жылдыгынын аягында алган билимдерди бышыктоо максатында бул сынак-викторинаны ѳткѳрүү жыл сайын адатка айланган. Тагыраак айтсак, бул билим таймашта  биринчи суроосу фармакогнозиядан дары ѳсүмдүктѳр жѳнүндѳ берилген болсо,  экинчи суроосу Чынгыз Айтматовдун калемине таандык болгон адабияттардын ичинен жаратылыш, ѳсүмдүктѳр менен байланышкан эпизоддорду камтыды.

Студенттер окуу программасы боюнча мыкты  билимдерин гана кѳрсѳтпѳстѳн, табияттын керемет сырларын, күчүн, анын ден соолук үчүн берген тартууларын, илимий ой жүгүртүү менен айлана-чѳйрѳгѳ  кылдаттык менен мамиле кылууга чакырып татыктуу билим таймашын кѳрсѳтѳ алышты.

Билим таймашында кафедранын башчысы фарм.и.к.доцент Мураталиева Анарбү Жапаровна башында болгон  окутуучу адистерден турган калыстар тобу акыйкат талдап, татыктууларды диплом, сертификаттар менен сыйлап,  жеңиштери менен куттуктады.   

Калыстар тобуна кафедранын окуу бѳлүм башчысы Наматбаева А.Р.,улук окутуучулар ф.и.к.Жалалова Н.К., Токторбек кызы Дария, Капаров Б.М. кирди.

Бул иш чараны уюштурган кафедранын окутуучусу Абдырасулова Ф.Б. болду.