И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан 2024–2025-жылда мамлекеттик тилде өнүктүрүүнү ишке ашыруу алкагында мамлекеттик тилди кеңири колдонуу менен КММАда билим берүү сапатын жогорулатуу, медициналык окуу программаларын, китептерин кыргыз тилине которуунун сапатын жана мазмунун жакшыртуу максатында 2024-жылдын 10-сентябрында КММАда “Мамлекеттик тилде мыкты окуткан окутуучу – 2025” аттуу кафедралар аралык сынак жарыяланып, жобо иштелип чыккан.
Жобого ылайык, сынак үч баскычтан турат жана бул сынактын катышуучуларынын эмгектерин баалоо максатында 8 кишиден турган комиссиялык курам түзүлгөн. Сынакка окуу жайдын кафедраларынан окутуучулар өз каалоосу менен катышышып, бүгүнкү күндө сынактын 2-баскычы боюнча катышуучулар мамлекеттик тилде ачык сабактарын ийгиликтүү өтүп жатышат. Ар бир катышуучу изденип, тажрыйбасын пайдаланып, көрсөтмөлүү, заманбап сабактарды берүүнүн үстүндө.
Сынактын комиссиясы ачык сабактарга атайын критерийлер боюнча баа берип, сабактарда окутуучунун, студенттердин мамлекеттик тилге болгон мамилесине, деңгээлине да көңүл буруп, калыс баалоонун үстүндө иш алып барып жатышат.
Сынактын жүрүшүндө катышуучулардын кызыгуу менен катышып, ийгиликтерге жетүү, мамлекеттик тил үчүн жан үрөп аракет кылып жаткандарын байкоого болот.
Катышуучуларга зор ийгиликтерди каалап, окуу жайда мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө дайыма салымдарын кошо берүүсүнө тилектешпиз.
Демек, мамлекеттик тилди медицинада өнүктүрүү боюнча пландардын, иш-аракеттердин негизинде көп ийгиликтер жаралып жатат деп баса белгилеп айтууга болот.