КММАда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын алкагында “Медицина – эне тилде!” видеороликтер конкурсу өткөрүлдү
27 Апрель 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын алкагында И.А. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында студенттер арасында “Медицина – эне тилде!” аттуу видеоролик конкурсу жыйынтыкталды.
Иш-чара КММАнын мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору жана мамлекеттик тил боюнча жумушчу топ тарабынан уюштурулуп, ага академиянын бардык факультеттеринен ар түрдүү курстардын студенттери активдүү катышышты. Конкурстун негизги максаты – медициналык билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу, студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү жана эне тилди даңазалоо болду.


Жыйынтыктоочу аземде жеңүүчүлөр салтанаттуу түрдө сыйланып, аларга дипломдор жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
🔹 1-орун – Педиатрия факультетинин 5-курсунун 8-тобунун студенттери
🔹 2-орун – №2 дарылоо иши факультетинин 5-курсунун 52-тобунун студенттери
🔹 3-орун – №1 дарылоо иши факультетинин 4-курсунун 15-тобунун студенттери


Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Мускай Секенович Исмаилбеков куттуктоо сөз сүйлөп, студенттердин чыгармачылык аракетин жана мамлекеттик тилге болгон жоопкерчилигин жогору баалады.
Мындан тышкары, студенттерге жетекчилик кылып, эне тилди өнүктүрүүгө салым кошкон окутуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды. Ошондой эле конкурска активдүү катышкан ондогон студенттер дагы атайын ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар үчүн шыктандыруучу жана маанилүү маданий-билим берүүчү аянтча болуп берди.
Бул сыяктуу демилгелер келечекте да улантылып, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө жана жаш муундун руханий баалуулуктарын бекемдөөгө багытталмакчы.