2
15 Декабрь 2022
И.К.Ахунбаев атындагы КММАга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, анын курамында кадрлар бөлүмүнүн башчысы, полковник Азамат Дүйшөнбеков, аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы, полковник Манас Байышев, аскердик-медициналык башкармалыктын дарылоо-профилактикалык иштер бөлүмүнүн, медицина кызматынын майору Фархат Идирисов келишти.![](/images/base/12.22/img72_16.12.22.jpeg)
![](/images/base/12.22/img73_16.12.22.jpeg)
![](/images/base/12.22/img72_16.12.22.jpeg)
Ректор И.Кудайбергенова баштаган КММАнын жетекчилиги конокторду жылуу тосуп алып, тараптар КММАнын ЖОЖдор аралык аскердик-медициналык факультетин түзүү маселесин талкуулашты.
Жолугууга окуу жайдын проректорлору ошондой эле Аскердик медициналык даярдык жана экстремалдык медицина кафедрасынын кызматкерлери катышты.
![](/images/base/12.22/img73_16.12.22.jpeg)