7 Октябрь 2025
Бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) педиатрия факультетинин 9-группасы куратору б.и.к., доцент Раимкулов Курсанбек Мамасалиевичтин жетекчилиги менен Кыргызстандын Тарых музейине барып келишти.

Кыргызстандын Тарых музейи – улуттун өткөнүн, маданиятын жана тарыхый мурастарын чагылдырган эң баалуу илимий-агартуу жайларынын бири. Ал 1926-жылы негизделип, көп жылдар аралыгында миңдеген экспонаттарды, археологиялык табылгаларды, этнографиялык буюмдарды, жазма булактарды жана тарыхый сүрөттөрдү топтогон. Музейдин залдарында кыргыз элинин байыркы доорлордон тартып азыркы күнгө чейинки тарыхы көргөзмө түрүндө көрсөтүлөт.

Айрыкча кыргыз элинин жашоо-тиричилигин чагылдырган буюмдар – улуттук кийимдер, зер буюмдар, кол өнөрчүлүк буюмдары, курал-жарактар жана турмуштук шаймандар студенттердин өз өлкөсүнүн тарыхын жана маданиятын терең түшүнүүсүнө чоң жардам берет. Ошондой эле музейде Совет мезгили жана көз карандысыздык доорунун баалуу экспонаттары, белгилүү инсандардын сүрөттөрү жана документтери сакталуу.

Бул сапар студенттер үчүн зор таасир калтырды. Алар музейдеги экспонаттар менен таанышып, тарыхтын күбөсү болгон буюмдар аркылуу ата-бабаларыбыздын жашоосу жана күрөшү тууралуу баалуу билим алышты. Мындай иш-чаралар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, мекенге болгон сый-урматын жана патриоттук сезимин чыңдоодо чоң мааниге ээ.
