КММАнын Республикалык диагностика жана дарылоо борборунда жаңы травматология бөлүмү ачылды
3 14 Ноябрь 2022

КММАнын Республикалык диагностикалык дарылоо борборунда жаңы травматология бөлүмү ачылды, анын базасында бейтаптар ар кандай жаракаттар жана ортопедиялык оорулар боюнча квалификациялуу жардам ала алышат.

Окуу жайдын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, академиктер Миталип Мамытов жана Дүйшө Кудаяров, проректорлор жана кызматкерлер КММАнын РДКБнын жаңы травматология бөлүмүндө болушту. Алар борбордун жаңы филиалын карап чыгышып, бөлүмдүн техникалык жабдылышы менен таанышышты.

Бөлүмдүн базасында тажрыйбалуу ортопед-травматологдор таяныч-кыймыл аппаратынын ар кандай ооруларын алдын алуу, диагностикалоо жана амбулатордук дарылоо менен алектенишет, ар кандай жаракаттарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшөт.