Fulbright Scholar программасынын алкагында профессор Джони Торнволл КММАда окутуучулук ишин баштады
Өнөктөштүк 12 Сентябрь 2025
 
Бишкек, Кыргызстан — И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында эл аралык академиялык кызматташтыктын жаңы этабы башталды. Fulbright Scholar программасынын алкагында КММАга келген профессор Джони Торнволл (Joni Tornwall, PhD, RN, ANEF) медайымдык билим берүү факультетине кошулуп, окутуучулук жана методикалык ишке активдүү киришти.
 
 
2025-жылдын сентябрь айынан тарта профессор Торнволл медайымдык билим берүү факультетинин студенттерине академиялык жазуу курсун окутууда. Бул сабак келечектеги адистерди даярдоодо өзгөчө мааниге ээ болуп, студенттердин академиялык коммуникация жөндөмдөрүн, сынчыл ой жүгүртүүсүн, илимий маалыматты логикалуу жана түзүмдүү түрдө берүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле изилдөө маданиятынын пайдубалын түптөөгө багытталган.
 
 
Аудиториялык сабактардан тышкары, профессор Торнволл факультеттин окутуучулары менен тыгыз иш алып барууда: методикалык кеңештерди берип, окуу программаларын өркүндөтүүгө катышууда, эл аралык тажрыйбасын бөлүшүп жана заманбап билим берүү ыкмаларын жергиликтүү контекстке ыңгайлаштырууда.
 
 
Сапарынын алкагында профессор КММАнын ректору Индира Кудайбергенова менен да жолугушуп, медайымдык билим берүүнү өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана илим менен академиялык мобилдүүлүк жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечектерин талкуулашты.
 
 
Профессор Торнволлдун КММАга келиши студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, академиянын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграция болуу аракети бар экенин дагы бир жолу тастыктады.