Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) Австриянын Зальцбург шаарындагы Paris Lodron University Salzburg (PLUS) университети менен биргеликте “Мониторинг паразитарных заболеваний – PDmon” аттуу эл аралык долбоордун өнөктөшү болду. Бул долбоор 2025-жылдын 1-июлунда утуп алынган жана Eurasia-Pacific Uninet (EPU) программасынын алкагында 2025–2026-жылдары ишке ашырылат.
25-августта Бишкекте долбоор боюнча жолугушуу өтүп, ага PLUS университетинин профессору Йозеф Стробл, Айнура Назаркулова жана КММАнын өкүлдөрү – профессор Өмүрбек Куттубаев, доцент Курсанбек Раимкулов, профессор Вера Тойгомбаева жана м.и.к. Жумагүл Усубалиева катышышты.
PDmon долбоорунун негизги максаттары – паразитардык ооруларды мониторинг кылуучу санариптик платформаны түзүү, статистикалык маалыматтарга ийкемдүү жетүүнү камсыз кылуу жана саясат иштеп чыгууда, жергиликтүү деңгээлдеги кийлигишүүлөрдө колдонулуучу аналитикалык инструменттерди иштеп чыгуу.
КММА долбоордо паразитология жаатындагы медициналык эксперттик өнөктөш катары чыгып, маалыматтарды берүү, талаптарды аныктоо жана иштелип чыккан инструменттерди практикалык колдонуу багытында маанилүү роль ойнойт.
Бул өнөктөштүк КММАнын эл аралык илимий байланышын кеңейтип, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга чоң салым кошот.