КММАда Хэцзэ шаарынан келген кытайлык өнөктөштөр менен жолугушуу болду
Өнөктөштүк 15 Сентябрь 2025
2025-жылдын 15-сентябрында КММАнын башкы корпусундагы конференц-залда Шаньдунь провинциясынын Хэцзэ шаарынан келген делегация менен иштиктүү жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу ректор Индира Орозобаевна Кудайбергенованын куттуктоо сөзү менен башталды. Ал эл аралык өнөктөштүктү бекемдөө студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, билим берүү жана медицина тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
 
 
Кытай делегациясын «Синьхуо» («Искра») Айылдык өнүктүрүү институтунун директору Лю Хуаньли жетектеп келди. Аны менен бирге Хэцзэ колледжинин стоматология, медициналык технологиялар, реабилитация жана эл аралык кызматташтык тармактарынын өкүлдөрү да катышты.
 
 
Жолугушууда негизги темалар катары стоматология боюнча биргелешкен долбоорду баштоо, КММА клиникаларынын базасында Bian Que академиясын ачуу, анда массаж, ийне сайуу жана реабилитация боюнча билим берүү, ошондой эле заманбап тил борборун түзүү маселелери талкууланды. Кытай тарап жабдууларды гана эмес, оңдоо иштерин да камсыз кылууга даяр экенин билдирди.
КММА студенттери жаңы медициналык технологияларды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат, ал эми окутуучулар илимий изилдөөлөрдү жана тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө шарт түзүшөт. Жолугушуу иштиктүү мүнөздө өтүп, тараптар узак мөөнөттүү кызматташууга болгон өз ара кызыгуусун баса белгилешти.