КММАнын кызматкерлери Непалда ЭРПХГ боюнча стажировкадан өтүштү
Өнөктөштүк 15 Сентябрь 2025
2025-жылдын 11-августунан 6-сентябрына чейин германиялык Гастрофонддун колдоосу аркылуу КММАнын кызматкерлери - РДДБнын гастроэнтерология жана эндоскопия бөлүмүнүн эндоскописттери Б.К. Осмоналиев, Б. А. Атакулов жана эндоскопист К. А. Ниязов - Катманду университетинин ооруканасынын (Дуликхель ш., Непал) эндоскопия бөлүмүндө эндоскопиялык ретрограддык холангиопанкреатография (ЭРПХГ) боюнча стажировкадан өтүштү.
 
 
Окуу PhD дарыгер Рам Гурунгдун жетекчилиги астында өттү. Стажировканын жүрүшүндө дарыгерлер ЭРПХГ методикасынын негиздерин өздөштүрүштү, анын ичинде бейтаптарды даярдоо жана баалоо, операцияга көрсөтмөлөр жана каршы көрсөтмөлөр, холедохтун тандалма канюляциясын аткаруу техникасы, ошондой эле өт жолдорунан таштарды алып чыгаруу.
Алынган билимдер жана көндүмдөр РДДБда ЭРПХГ методикасын киргизүү үчүн негиз болот, бул республикада билиардык системанын оорулары менен ооруган бейтаптарды диагностика жана дарылоо мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.