Өнөктөштүк
17 Сентябрь 2025
Бүгүн, 2025-жылдын 16-сентябрында, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы имаратындагы №2 конференц-залда «Yakuzemi» маалыматтык билим берүү борборунун жана «Китахара» медициналык корпорациясынын өкүлдөрү менен маанилүү жолугушуу болуп өттү.

КММАнын ректору Индира Орозобаевна Кудайбергенова проректорлор жана эл аралык байланыш бөлүмүнүн жетекчилиги менен бирге конокторду жылуу тосуп алды.
Япониялык делегациянын курамында – КНИ медициналык корпорациясынын төрагасы мырза Сигэми Китахара жубайы Юкако Китахара менен, ошондой эле «Kitahara Medical Strategies International» компаниясынын жана «Yakuzemi» борборунун өкүлдөрү болду. Жолугушууда расмий, бирок достук маанай өкүм сүрүп, тараптар алгач саламдашып, андан соң коноктор КММА тууралуу фильмди көрүшсө, кыргыз тарапка Китахара ооруканасынын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тааныштырылды.

Жолугушуунун негизги бөлүгү кызматташтыктын келечегин талкуулоого арналды. Анын ичинде тажрыйба алмашуу, биргелешкен билим берүү программалары, стажировканын жаңы форматтары жана илимий долбоорлор болду. Кыргыз жана жапон тараптары кызматташтыкты чыңдоо боюнча конкреттүү сунуштарды ортого салышты.
Жыйын соңунда ыраазычылыктар айтылып, КММА боюнча таанышуу туру уюштурулду. Коноктор студенттерди окутуу шарттары жана окуу корпустары менен таанышып чыгышты.
Эки тараптын таасирлери дагы бир жолу көрсөттү: кыргыз-япон кызматташтыгынын келечеги медицина тармагында абдан чоң.
