И.Ахунбаев атындагы КММАда Казакстан Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
Өнөктөштүк 12 Сентябрь 2025
И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова Казакстан Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, биринчи проректор Диляра Кайдарова менен жолугушуу өткөрдү.
 
 
Жолугушууга окуу иштери боюнча проректор Кенешбек Ырысов жана эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Гүлмира Жумалиева да катышышты.
Тараптар медициналык билим берүүнү өнүктүрүү, илимий кызматташтык жана эл аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, медициналык кадрларды даярдоодо тажрыйба алмашуу, илимий изилдөөлөр жана академиялык мобилдүүлүк үчүн аянтчаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.
 
 
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, КММА менен Казакстандын алдыңкы илимий-агартуу мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого маанилүү кадам болду.