Кыргызстандын илиминин өнүгүшү – ийгиликтин жолу
Илим 14 Ноябрь 2024
Бүгүн, 14 ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясын базасында “Илим күнүн” белгилөө иш-чарасын өткөрүштү.
 
 
Жыйындын алдында окуу жайдын фойесинде “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Илим күнүнө арналган фотосүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Тарых менен Кыргызстандагы окуу жайлардын илимий ачылыштарын бириктирген көргөзмө коноктордун көңүлүн бурду. Андан соң салтанаттуу жыйындын ачылышы болду.
Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы илим тармактын маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасынын убактылуу м.а. Рустам Азисбаев, таанымал окумуштуулар, көрүнүктүү мугалимдер, педагогика илиминин ишмерлери, Кыргызстандагы окуу жайдын ректорлору, жана ошондой эле Медакадемиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова жана таанымал окумуштуулар, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана көптөгөн студенттер катышты.
 
 
Жыйындын алкагында сыйлыктарды тапшыруу аземи жана концерттик программа болуп, кийин “Кыргызстандын илиминин өнүгүшү – ийгиликтин жолу” темада тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун жүрүшүндө “Академиялык илимдин абалы жана келечектеги фундаменталдык, колдонмо илимдердин негизги артыкчылыктары”, “Адамзат үчүн илимдин келечеги”, “Кыргызстандагы окуу жайлардын Scopus эл аралык илимий маалыматтар базасында чагылдырылышы”, “Медициналык илим жана билим берүүнү өнүктүрүүнүн келечеги”, “Билим берүүнү санариптештирүү шартында дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө педагогдордун санариптик көндүмдөру”, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттеринин илимий изидөө шарттары темасында баяндамалар окулду.