Илим
3 Сентябрь 2025
2025-жылдын 28-30 августунда Якутск шаарында Россиянын Чыгыш федеральдык округунун травматолог-ортопедтеринин VIII съезди болуп өттү. Бул ири илимий иш-чара Россиянын бардык региондорунан, ошондой эле Москва жана Санкт-Петербургдон академиктерди, профессорлорду, илимий борборлордун директорлорун жана тажрыйбалуу адистерди бириктирди. Съездде илимий-практикалык докладдар окулуп, жаңы ыкмалар жана кесиптик тажрыйба талкууланды.

Кыргызстандан съездге ортопед-травматологдор: академик, КГМАда кафедра жетекчиси, Улуттук травматология жана ортопедия борборунун директору, Кыргызстандын травматолог-ортопедтер ассоциациясынын президенти Сабырбек Джумабеков, корр.мүчө, м.и.д. Жаныш Сулайманов, профессор, м.и.д Бакыт Исаков, м.и.к. Алмаз Кубатбеков, кафедра башчысы Нурбек Атакулов катышышты.
Сабырбек Джумабеков пленардык жыйында модератор катары катышып, «Сөөктүн рак оорусун цементсиз эндопротездөө ыкмасы» темасында доклад жасады. Анын доклады кесиптештердин кызыгуусун туудурду жана көптөгөн суроолор менен талкууга тартылды.

Профессор Бакыт Исаков “Иллизаров аппараты Кыргызстанда: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги” темасында доклад жасап, Кыргызстандагы Иллизаров методунун өнүгүүсүн, адистердин жетишкендиктерин жана келечектеги пландарын кенен баяндады.

Съезддин алкагында Кыргызстандын консулдугу аркылуу 40тан ашык жарандарыбыз кабыл алынып, консультациялык жардам көрсөтүлдү. Бул иш-чара адистер үчүн гана эмес, аймакта жашаган кыргыз жарандары үчүн да практикалык мааниге ээ болду.
Кыргызстандан барган адистердин катышуусу съезддин илимий деңгээлин жогорулатып, тажрыйба алмашууга, жаңы ыкмалар менен таанышууга жана кыргызстандык травматологиянын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошту.
