“Медициналык  терминдер  сөздүгүн  түзүүдөгү  талаптар” аттуу илимий-тажрыйбалык  тегерек столу
Илим 27 Январь 2025

И. К. Ахунбаев  атындагы  КММАда “Медициналык  терминдер  сөздүгүн  түзүүдөгү  талаптар” деген темада илимий-тажрыйбалык  тегерек стол өткөрүлдү

 

2025-жылдын 24-январында И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын мамлекеттик тилди  өнүктүрүү сектору тарабынан “Медициналык  терминдер  сөздүгүн  түзүүдөгү  талаптар” деген темада илимий-тажрыйбалык  тегерек стол өткөрүлдү.

        Аталган тегерек столго КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору Осмоналиев Т.Ө., борбордун терминология жана ономастика бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы Кадыров Ы. К., Кыргыз-Түрк Манас университетинин  улук окутуучусу, техника илимдеринин кандидаты, доцент, комиссиянын төрагасы Бактыгулов К. Б., КММАнын мамлекеттик тил боюнча жумушчу тобунун  курамы,  кафедралардын мамлекеттик тил боюнча жооптуулары катышышты. Терминдер жөнүндөгү илимий иш-чараны И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча  проректору Жунушалиева Г. И. ачып берди жана  мамлекеттик тилде медициналык терминдердин сөздүгүн түзүү талаптары боюнча баяндамалар жасалып, көйгөйлүү маселелер талкууланды.

            Окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы

А. А. Орозалиева   медициналык  академияда  мамлекеттик тилде жарык көргөн  сөздүктөр тууралуу маалымат берип, учурдагы актуалдуу көйгөйлөргө токтолду.

            Иш-чаранын жыйынтыгында  медициналык окуу жайларда мамлекеттик тилде терминдер сөздүгүн түзүү,терминдерди которуу, бирдейлештирүү боюнча талкуу болуп, маанилүү кадамдарды жасоого карата чечимдер кабыл алынды.

        И. К. Ахунбаев атындагы КММАда медициналык терминдер менен иштөө дайыма аткарылып келет жана ийгиликтүү жыйынтыктарга жетип, медицинада мамлекеттик тилдин өнүгүп-өсүшүнө чоң салымын кошуп келе жатат.