Илим
3 Апрель 2026
Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенованын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар медициналык билим берүү системасын өнүктүрүү, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана практикалык саламаттык сактоо менен билим берүү мекемелеринин өз ара байланышын чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Айрыкча окуу программаларын жаңылоо, заманбап билим берүү технологияларын киргизүү жана студенттер үчүн клиникалык базаны кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун катышуучулары саламаттык сактоо тармагындагы заманбап чакырыктарга жооп бере алган жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында медициналык билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдар белгиленди.
