Илим
20 Май 2026
2026-жылдын 20-майында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окумуштуулар кеңешинин салтанаттуу жыйыны жана академик А.М. Мурзалиевдин 95 жылдыгына арналган «Практикалык неврология: диагноздон айыгууга чейин» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чарага неврология жана медицина илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошкон алдыңкы адистер, окумуштуулар, окутуучулар жана дарыгерлер катышты.
Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Эгенбердиева, КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, ошондой эле академиктер Миталип Мамытов жана Дүйшө Кудаяров сөз сүйлөштү.

Алар өз баяндамаларында академик А.М. Мурзалиевдин неврологиянын, медициналык билим берүүнүн жана жаш адистерди даярдоонун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилешти.
Мазмундуу баяндама менен академик А.М. Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын башчысы Эльмира Мамытова чыгып сүйлөдү. Баяндамада академиктин илимий мурасы, неврология тармагындагы заманбап жетишкендиктер жана клиникалык медицинанын келечектеги өнүгүү багыттары чагылдырылды.

Конференция улуу окумуштуунун элесине болгон терең урматтоо маанайында өтүп, тажрыйба алмашуу, практикалык неврологиянын актуалдуу маселелерин талкуулоо жана Кыргызстандын медицина илиминдеги муундардын байланышын чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.
