Илим
11 Октябрь 2025
2025-жылдын 8–10-октябры күнү Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) “Кыргызстанда реабилитациялык кесиптердин келечегин түзүү” аттуу улуттук семинар болуп өттү. Иш-чаранын максаты – өлкө үчүн жаңы болгон «Физикалык терапия», «Эрготерапия» адистиктеринин окуу программаларын иштеп чыгуу жана «Логопедия» багытындагы билим берүү программасын чыңдоо болду.

Семинарга Саламаттык сактоо министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Билим берүү министрлиги, өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, ошондой эле World Physiotherapy, WFOT жана IALP сыяктуу эл аралык эксперттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар билим берүү стандарттарын эл аралык алкактарга (ДССУ «Реабилитация 2030») шайкеш келтирүү, компетенттүүлүккө негизделген окуу программаларын иштеп чыгуу жана жаңы адистиктерди аккредитациялоо боюнча жол картасын түзүү маселелерин талкуулашты.

Эл аралык уюмдар Кыргызстанды Борбор Азияда реабилитация тармагында эл аралык деңгээлдеги билим берүү программаларын системалуу түрдө киргизип жаткан алгачкы өлкөлөрдүн бири катары белгилешти.

Семинар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, КММА жана өнөктөш жогорку окуу жайлар тарабынан ЮНИСЕФ, STLI, «Аплифт» коомдук фонду жана эл аралык кесиптик уюмдардын колдоосу менен уюштурулду.
