25-июнда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында V Эл аралык Ысык-Көл урологдор форумунун жана Евразия урологдор мектебинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Илимий-практикалык иш-чарага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Грузия жана башка өлкөлөрдөн келген алдыңкы адистер катышууда.

Форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Урологдор ассоциациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Чолпонкулович Усупбаев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, КММАнын жетекчилиги жана Евразия урологдор ассоциациясынын президенти Е.А. Безруков куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Форумдун биринчи күнүндө онкоурология, заара таш оорусу жана андрология боюнча илимий сессиялар өткөрүлдү. Эл аралык эксперттер урологиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоонун заманбап ыкмалары, лазердик хирургия, эркектердин репродуктивдик саламаттыгы жана инновациялык технологиялар боюнча баяндама жасап, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

📍 **27-июнда форум өз ишин Ысык-Көл облусунда улантат.** Иш-чара Кара-Ой айылындагы **«Ак-Бермет»** маданий борборунун конференц-залында өтөт. Жыйынтыктоочу күн жалпы урология, бөйрөк трансплантациясы жана реконструктивдик хирургия маселелерине арналат. Программада Кыргызстан, Россия, Грузия жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы адистеринин далилдүү медицина, бөйрөк трансплантациясы, инновациялык хирургиялык технологиялар жана урологиядагы заманбап дарылоо ыкмалары боюнча баяндамалары каралган.

Форум урология тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана медициналык илимдин өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча катары өз ишин улантууда.
