КММАнын командасы «Ден соолук» спартакиадасында стритбол боюнча чемпион аталды
Спорт 29 Июнь 2026
“Кыргыз Деңизи” санаторийинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын педагогикалык кызматкерлеринин арасында өтүп жаткан **«Ден соолук» спартакиадасынын** алкагында стритбол боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
Мелдешке өлкөнүн жогорку окуу жайларынан жалпы **10 команда** катышып, кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндардын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды:
🥇 **1-орун** – И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА);
🥈 **2-орун** – Ош мамлекеттик университети;
🥉 **3-орун** – Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети.
 
 
Чемпион аталган И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын командасынын курамында:
* Алтынбек Шамшиев – нейрохирургия кафедрасынын ассистенти;
* Улукбек Жоомартов – нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасынын өкүлү;
* Ирина Ходакова – дене тарбия кафедрасынын улук окутуучусу;
* Жамалбек Ашимов – коомдук саламаттык сактоо жана саламаттыкты сактоону уюштуруу кафедрасынын өкүлү;
* Гульнара Наркулова – ички оорулардын пропедевтикасы, эндокринология жана кесиптик патология кафедрасынын өкүлү.
КММАнын командасын татыктуу жеңиши менен куттуктап, спорттук мелдештерде мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!