1-курсунун студенттери Ата-Бейит мемориалдык комплексинде
Университеттин жашоосу 4 Ноябрь 2024
И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын педиатрия факультетинин 1-курсунун 10-тайпасы куратору менен Ата-Бейит мемориалдык комплексинде болушту.
"Тамыры болбой жер болбойт, тарыхы болбой эл болбойт," — демекчи, ар бир улут, ар бир инсан өз элинин тарыхын билүүсү зарыл.
 
 
2024-жылдын 30-октябрында Кудайдын берекесине шүгүр кылып, И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын педиатрия факультетинин 1-курсунун 10-тайпасы куратору, КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын доценти Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич менен биргеликте "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып келишти.
 
 
Бул улуу, ыйык жайга барышып, ХХ кылымдагы эл-жерибиздин башынан өткөн оор учурларга күбө болуп, тарыхтын ак барактай калып кеткен көз жашка толгон окуяларын, бизге беймаалым сырларын жана өткөндөгү каталарды сезип, жүрөктөрүндө терең кабыл алышты. Бул иш-чара студенттердин патриоттук сезимдерин ойготуп, руханий дүйнөсүн байытып, алардын эли-жерин сүйүүгө болгон умтулуусун күчөттү.
 
 
Өтүп кеткен ата-бабаларыбыздын, алардын кылган иштери, акыйкат үчүн өз жандарынын бериши биздин бүгүнкү эркин көз карандысыз мамлекеттүүлүктүн түпкү тамыры экендигин түшүнүштү.
 
 
Улуу кытай философу Конфуций айткандай, "Өткөн тарыхыңды билмейинче, келечегиңди кура албайсың." Андыктан баарыбызды дайыма билим издөөгө, тарыхыбызды окуп-үйрөнүүгө чакырабыз. Анткени, тарых — келечектин күзгүсү.
 
 
Студенттер ушул мазмундуу жана терең мааниге ээ күн үчүн куратору Раимкулов Курсанбек Мамасалиевичке чын ыкластуу ыраазычылыгын билдиришти.