Университеттин жашоосу
24 Сентябрь 2024
Медакадемияда мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык кече өткөрүлдү.
2024-жылдын 23-сентябрында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академиясынын жыйындар залында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КРдин мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган майрамдык кече кыргыз өткөрүлдү.
Кечеде аталган академиянын окуу иштери боюнча проректору, профессор Кенешбек Ырысов сөз сүйлөп, кесипкөй медиктердин кеп маданияты – мамлекттик тил менен тыгыз байланыштуу экенин баса белгилеп, кеченин конокторун мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады. Аталган окуу жайда бүгүнкү күндө алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн жалпы 31 улуттун өкүлдөрү билим алышат.
Иш-чара, ар бир студентти эне тилин сыйлоого, урматтоого үндөп, аны менен катар ынтымакты бекемдөөгө салым кошот деп белгилеп өттү.
Ошондой эле салтанаттуу иш-чарага окуу жайдын эмгек жамаатынын мүчөлөрү, лицейдин окуучулары, студенттер катышты. Аталган иш-чаранын алкагында тарбия жана уюштуруу-массалык иштер бөлүмү жана студенттер тарабынан уюштурулган чакан концерт болуп өттү.