4-мартта Физика, математика, информатика жана компьютердик технологиялар кафедрасы Фармация факультетинин 1-курсунун студенттери менен "Ак калпак" жана «Мамлекеттик туу» күндѳрүнѳ арналган «Кѳкѳлѳй берсин туубуз, Ак калпак улут жүзүбүз!» майрамдык кече өткөрүштү.

Иш чараны Фармация факультетинин деканы Табылдиева Ч.Т. куттуктоо сөзү менен баштады. Улук куратор Урусова Э.Б. Ак калпактын жана Туунун тарыхы жѳнүндѳ кеӊири айтып берди. Студенттер кыргыздын улуттук баш кийиминин тазалыгы, кадыр баркы, баалуулугу тууралуу жана анын чечмелениши жөнүндө толук маалымат алышты.Студенттер Ата журтту даӊазалаган, Ак калпакка, тууга арналган ырларын ырдап, кѳркѳм чыгармаларды окушту.

Бул иш чара улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтын колдоо, Мекенге болгон патриоттукту сактоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында ѳткѳрүлдү.
