Ак таяк күнүнө карата ачык сабак
Университеттин жашоосу 1 Ноябрь 2024
2024-жылдын 30-октябрь күнү И.К Ахунбаев атындагы КММАнын чет тилдер жана латын тили кафедрасынын окутуучусу Эрназарова Улпат Авазовнанын демилгеси менен педиатрия факультетинин 1-курсунун 15-тайпасынын студенттери тарабынан "Ак таяк күнү" белгиленди.
 
 
Бул иш чаранын максаты: көзү азиз адамдардын коомго кошкон салымы зор экенин, аларды урматтап, сыйлоо жана укуктарын коргоо, колдоо - ар бирибиздин милдетибиз экенин эске салуу болуп эсептелинет. Жана ошондой эле бул иш-чарада ушул күндүн тарыхы, ийгиликке жеткен көзү азиз адамдар жөнүндө слайд көрсөтүлүп, маалыматтар берилди, сценка көрсөтүлдү.
 
 
Ачык сабакка чет тили жана латын тили кафедрасынын кафедра жетекчиси Замлетдинова Галия Сарасовна, завуч Тентимишова Бурул Давлетбековна жана орус тили кафедрасынын улук окутуучусу Чынара Ахматовна жана кафедранын окутуучулары катышышты.
 
 
Бул күн дүйнө жүзүндө көзү азиздердин маселелерин чечүү жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн иш-аракеттерди күчөтүү максатында белгиленип келет.