"Балдардын жана өспүрүмдөрдүн физикалык өнүгүүсүн баалоо ыкмалары" ачык сабагы
Университеттин жашоосу 25 Декабрь 2024

Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын Дарылоо иши факультетинин 3-курсунун 54-тайпасынын студенттери 17-декабрь 2024-жылы Жалпы гигиена кафедрасынын ассистенти Жангазиева Элиза Сыргатовна менен "Балдардын жана өспүрүмдөрдүн физикалык өнүгүүсүн баалоо ыкмалары" деген темада ачык сабак өтүштү.

 


Сабактын жүрүшүндө студенттер жана окутуучулар балдардын жана өспүрүмдөрдүн физикалык өнүгүүсүн баалоонун ар кандай ыкмалары жөнүндө талкуулашты, физикалык өнүгүүнү баалоодо колдонулуучу статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуунун негизги методдорун жүргүзүштү, ошондой эле алынган маалыматтарды чечмелешти.