2024-жылдын 4-октябрында КММАнын 1-2-курстарынын студенттери үчүн биринчи жолу 73809 аскер бөлүгүндө “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү.
КММАнын стоматология, фармацевтика, профилактикалык медицина, жогорку медайымдык иш факультеттеринин студенттери Кой-таш айылындагы 73809 аскер бөлүгүндө болушту.
Бөлүмдүн жетекчилиги аларга аскер кызматкерлеринин күнүмдүк турмушунун элементтерин көрсөттү.
Экскурсия кургактагы аскердик кызматтын дээрлик бардык аспектилерин камтыды: атайын кийимдер, техникалар, аскердик камуфляждар, байланыш каражаттары жана рациялар, жок кылуучу куралдар, аскердик техника, бронетранспортерлер, алыскы аралыкка атуучу куралдар жана албетте аскер бөлүгүн түзүлүшү жөнүндө тарыхы.
Студенттерге көзөмөл-өткөрүү пунктту, парад аянтчасынын жабдуулары жана нөөмөт бөлүктүн чабуул учурундагы аракеттери көрсөтүлдү.
Алар казарманы, окуу кабинеттерин, медициналык пунктту, ашкананы көрүштү. Тармактык зонанын чегинен тышкары аскердик техниканы, дары-дармектерди, байланыш каражаттарын пайдалануу эрежелери менен таанышышты.
Аскердик бөлүктүн аскердик паркындагы бронетранспортерлор өзгөчө таасир калтырды, анда студенттер аскердик унаалардын ичин кыдырып, гаубицалар жана башка алыскы аралыкка атуучу курал-жарактар кантип атылганы тууралуу маалыматтарды угууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жоокерлер ашканасында түшкү тамактан кийин аскер бөлүгүнүн кызматкерлери студенттер үчүн оюн-зоок сынактык программа уюштурушту.
Кыздар үчүн “аркан тартуу”, ал эми эркек балдар үчүн – согуш талаасында жарадарларды куткаруу үчүн ыкчам аракеттенүү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Иш чара активдүү студенттерге жана сынактарда жеңген командаларга грамоталарды тапшыруу аземи менен аяктады.
Жоокерлердин заманбап жашоо деңгээли студенттерге жакшы сезимдерди калтырды. Бул иш-чара аскердик кызмат жана аскердик турмуш жөнүндө көбүрөөк маалыматты алууга, студенттердин мекенине болгон патриоттук сезимдерин жандандырып күчөтүүгө жардам берди. Ата-Мекенди коргоочунун кесиби жөнүндөгү мына ушул таасирлердин баары студенттердин эсинде өмүр бою сакталып, алардын өз өлкөсүнүн патриоту, татыктуу жарандары болууга жардам берет.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери жана окутуучулары “ Ачык эшиктер күнүн” уюштурган 73809 аскер бөлүгүнүн жетекчилигине, жалпы жамаатына жана бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирет.