И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү борборунда 2026-жылдын 17-февралынан 21-февралына чейин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө Жарлыкты ишке ашыруу жана медакадемияда мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу планын аткаруу максатында Кыргызтест мамлекеттик мекемеси тарабынан тестирлөө жүргүзүлдү.
Кызматкерлердин Кыргызтесттен өтүү демилгесин академиянын ректору Кудайбергенова Индира Орозобаевна колдоп, тестирлөөнүн бардык чыгымдары КММАнын эсебинен каржыланды. Натыйжада кызматкерлер тестти акысыз тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, жалпысынан 811 кызматкер мамлекеттик тил боюнча билим деңгээлин текшерүүдөн өттү.

Тестирлөө жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин объективдүү баалоого шарт түзүлдү. Иш-чара ачык-айкын жана уюшкандыкта өтүп, медициналык кызматкерлердин тилдик даярдыгын чыңдоого өбөлгө болду.Бул иш-чара медицина тармагындагы адистердин тилдик компетенциясын жогорулатууга, кесиптик коммуникацияны өнүктүрүүгө жана мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүүгө олуттуу салым кошуп, мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыздоого багытталды.Аталган демилге медициналык билим берүүдө мамлекеттик тилдин ордун бекемдөөгө, дарыгерлердин бейтаптар менен натыйжалуу байланыш түзүүсүнө жана жалпы кесиптик маданиятты жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болду.
