И.К. Ахунбаев Дарылоо иши факультетинин 1–2-тайпаларынын студенттери «Айданек» турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реабилитациялоо борборуна барышты
Университеттин жашоосу 5 Март 2026

2026-жылдын 19- февралында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын №1 дарылоо иши факультетинин 1–2-тайпаларынын студенттери кураторлору Кулматова Ш.О. жана Дүйшөналиева Ж.А. менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Айданек» турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реабилитациялоо борборуна барышты.
Иш-чаранын алкагында студенттер борбордун тарбиялануучулары менен баарлашып, аларга моралдык колдоо көрсөтүштү. Мындан тышкары, балдар үчүн чакан концерттик программа уюштурулуп, кызыктуу оюн-зооктор жана пайдалуу баарлашуулар өткөрүлдү. Студенттер тарабынан даярдалган белектер тапшырылып, жылуу каалоо-тилектер айтылды.


Бул иш-чара студенттердин кесиптик гана эмес, адамгерчилик сапаттарын өнүктүрүүгө, коом алдындагы жоопкерчилигин арттырууга өбөлгө түздү. Ошондой эле кайрымдуулук жана социалдык колдоо көрсөтүү жаатындагы тажрыйбаны бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берди.
Мындай жолугушуулар жаш муундардын боорукерлик, кайрымдуулук жана активдүү жарандык позициясын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт