Университеттин жашоосу
23 Февраль 2026
23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын айымдаар жамааты майрамдык концерт уюштурушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мекенди коргоодо кызмат өтөп жаткан жана ардагер агайларды куттуктоо сөздөрү айтылып, мекенчилдикке үндөгөн ырлар жаңырды. Концерттик программада обондуу ырлар, көркөм окуулар жана шаңдуу бийлер тартууланып, майрамдык маанай жаратылды.

Мындай иш-чаралар жамааттын ынтымагын бекемдеп, аскер кызматкерлерине болгон урмат-сыйды даңазалоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле иш-чаранын алкагында сыйлыктар тапшырылды.
