Университеттин жашоосу
24 Февраль 2026
2026- жылдын 24- февралында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда «Эне тил – элдин жаны» аттуу иш-чара болуп өттү

21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата «Эне тил – элдин жаны» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара кыргыз тили, орус тили, чет тилдер, коомдук илимдер жана философия, топографиялык анатомия кафедралары тарабынан уюштурулду.
Аталган иш-чаранын максаты – эне тилдин коомдогу ордун даңазалоо, тил маданиятын өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү колдоо жана жаштардын руханий баалуулуктарын чыңдоо болуп саналат.

Студенттер тарабынан көркөм окуулар, ар улуттун тилдеринде ыр-бийлер жана сахналык көрүнүштөр тартууланды.
Иш-чарага проректорлор, окутуучулар курамы, студенттер жана коноктор катышып, эне тилди сактоо жана өнүктүрүү – ар бир жарандын жоопкерчилиги экендигин баса белгилешти.
