Университеттин жашоосу
27 Февраль 2026
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Бош орундар жарманкеси: аймактарга жаш адистерди тартуу
2026-жылдын 27-февралында КММАда жыл сайын өткөрүлүүчү бош орундар жарманкеси уюштурулуп, анын негизги максаты жаш адистерди Кыргызстандын аймактарындагы медициналык мекемелерге жумушка тартуу болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, академиянын жетекчилиги, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн социалдык маселелер боюнча орун басарлары жана аймактык координаторлор катышты.
Расмий бөлүктө облустардын өкүлдөрү өз аймактарындагы кадрдык муктаждыктар тууралуу маалымат берип, жаш дарыгерлерди аймактарга тартуу жолдорун сунушташты. Айрыкча алыскы райондорду медициналык кадрлар менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө басым жасалды.

Ошондой эле жарманкенин жүрүшүндө окуу жайдын ректору, профессор И.Кудайбергенова өз сөзүндө жаш адистерди колдоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө чакырып, демилгелердин иш жүзүндө аткарылышынын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.
Расмий бөлүктөн кийин иш берүүчүлөр катышуучулар менен жекече жолугушууларды өткөрүп, резюмелерин кабыл алып, бош орундар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Быйыл академиянын интернатурасын 479 бүтүрүүчү аяктап жатат, алардын 136сы бюджеттик негизде билим алышкан.
