И.К.Ахунбаев атындагы регионалдык профилактикалык кызматтарга выпускниктерди тартуу маселеси талкууланды
Университеттин жашоосу 20 Январь 2026
 
Медакадемияда профилактикалык кызматтардын жетекчилери менен медико-профилактикалык иш факультетинин выпускниктерин региондордо жумушка тартуу максатында жолугушуу өттү. Бул иш-чара өлкөнүн райондорундагы саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө жана алдын алуу ишин күчөтүүгө багытталган.
Иш-чарага төмөнкү жетекчилер катышты:
 
 
• Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары — Р.С. Сыдыгалиев
• Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору — Ч.Ш. Шамсудин
• Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору (MBRP) — Г.С. Ишенапысова
• Республикалык СПИД борборунун директору — У.Ж. Чокморова
• Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун директору — Э.Б. Масымбаева
• Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун директору — Н.А. Алтымышева
 
 
Жолугушууда төмөнкү маселелер талкууланды:
• выпускниктерди регионалдык профилактикалык кызматтарга тартуу мүмкүнчүлүктөрү,
• ооруларды алдын алуу ишинин актуалдуу тапшырмалары,
• облустарда жана райондордо санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту бекемдөө,
• региондордо профилактикалык медицина тармагын өнүктүрүү.
📌 Иш-чаранын негизги максаты — жаш адистерди регионалдык кызматтарга тартуу жана жер-жерлерде алдын алуу иштерин натыйжалуу жүргүзүү аркылуу калктын саламаттыгына кам көрүү.