И.К.Ахунбаев Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун күнү салтанаттуу белгиленди
Университеттин жашоосу 3 Март 2026

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 3-март күнү Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага окуу жайдын студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери катышты.
Ачылыш аземинде мамлекеттик тил жана тарбиялык иштери боюнча проректор Мускай Секенович Исмаилбеков куттуктоо сөз сүйлөп, мамлекеттик символдорго болгон урмат-сыйдын маанисин белгиледи. Ал мамлекеттик туу өлкөнүн эгемендүүлүгүн, биримдигин жана суверенитетин даңазалаган ыйык белги экенин баса белгиледи.

Бул жаркын майрамда катышуучуларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана окууда, эмгекте ийгиликтер кааланды. Кыргызстан тынчтыкта, ынтымакта жана биримдикте гана өнүгөрү айтылып, мамлекеттик туубуз ар дайым бийик желбиреп турушу тиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө туудагы символдордун маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Түндүктөн тараган кырк нурлуу күн — кыргыз элинин кырк уруусунун жана көп улуттуу калктын биримдигин билдирет. Кызыл түс кайраттуулукту жана эрдикти символдосо, түндүктүн тегерек сүрөтү муундардын уланмалуулугун жана элдин биримдигин чагылдырат.



Мамлекеттик туунун түсү жана белгилери кыргыз элинин руханий дүйнө таанымына, тарыхый жолуна жана эстетикалык салтына негизделген. Алардын бир туу алдында айкалышы мамлекеттүүлүктүн ыйыктыгын, тарыхты унутпай, келечекке ишенимдүү кадам таштаган элдин мүдөөсүн даңазалайт.