КГМА да кыргыз тили кафедрасы студенттер менен биргеликте «Ырга айланган сезимдер» аттуу поэзия кечесин өткөрдү
Университеттин жашоосу 20 Апрель 2026

2026-жылдын 20-апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кыргыз тили кафедрасы студенттер менен биргеликте «Ырга айланган сезимдер» аттуу поэзия кечесин өткөрдү.
Бул кечеде поэзияга кызыккан студенттер өз ырларын көркөм окуп, жүрөктөн чыккан сезимдерин ыр саптары аркылуу жеткиришти. Кеченин өзгөчөлүгү – ага жаш, таланттуу акындардын келип катышып, өздөрүнүн чыгармаларын көркөм аткарып бериши болду.

Алардын терең маанилүү ырлары, мукам үнү жана таасирдүү окуусу көрүүчүлөргө чоң таасир калтырып, поэзия сүйүүчүлөрүнө өзгөчө руханий ырахат тартуулады.
Мындай поэзия кечеси жаштардын чыгармачылык дүйнөсүн байытып, кыргыз поэзиясына болгон кызыгууну арттырган маанилүү маданий иш-чара болуп калды. Кечеде жаңырган ар бир ыр саптары жаштардын таза сезимин, ой-тилегин жана жашоого болгон сүйүүсүн чагылдырып турду.