КГМАнын орус тил кафедрасынан Мамлекеттик тил күнүнө карата иш чарасы
Университеттин жашоосу 23 Сентябрь 2024

Кыргыз Мамлекеттик тил күнүнө карата, орус тили кафедрасы тарабынан 20-сентябрь күнү ЛД(17-18), СТОМ(1-2), МПД(1-2), ПЕД(13-14) тайпаларынын студенттери менен биргеликте, “Кыргыз элинин улуттук оюндары” боюнча чакан мелдеш өткөрүлдү.

Маарекеде студенттер, күрөш, аркан тартыш, жарышуу оюндарын өткөзүштү.

Кафедра башчысы Кульбаева Г. Б. студенттерди майрамы менен куттуктап: "Орус тилин билген жакшы, бирок эне тилин кадырлап, эне тилинде сүйлөшүү канчалык маанилүү" экенин айтты.

Кафедранын окутуучулары, кураторлору, Камбарова А.К., Бектурова К.А., Эмильбекова С.О. активдүү катышты.