Университеттин жашоосу
30 Март 2026
2026-жылдын 24–28-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Универсиадасынын алкагында тогуз коргоол боюнча 1-лига мелдеши өткөрүлдү. Бул ири спорттук иш-чарага өлкөнүн ар кайсы региондорунан жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.
КММАнын (Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын) студенттери да мелдешке активдүү катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Асланбекова Дилноза
Асангариева Айпери
Оболбекова Медина
Расулова Нурай
— командалык эсепте 2-орунду камсыздашты.
Спортчуну машыктыруучу Иманов Канатбек Орозкожоевич даярдаган.

Бекбоева Каухар
Жамансартова Наргиза
Абдыкарова Айдай
Асанова Мелина
— 3-орунду ээлешти.

Универсиада студенттер арасында достукту, биримдикти жана сергек жашоо образын өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Мындай мелдештер жаштарды спортко шыктандырып, алардын ден соолугун чыңдоого өбөлгө түзөт.
