Университеттин жашоосу
13 Декабрь 2024
2024-жылы 12-декабрда залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасы тарабынан “Айтматов – доорлорду бириктирген көпүрө” аттуу адабий кече өттү.
Кураторлук иш алып барган №1 дарылоо иши жана фармация, МББ факультеттеринин студенттери чыгармалардан үзүндүлөрдү жигердүүлүк менен аткарышып, көрүүчүлөрдүн мактоо сөздөрүнө арзышты.
Ч.Айтматовдун туулган күнү - 12-декабрь Кыргызстандын маданий жана адабий тарыхындагы маанилүү күндөрдүн бири болуп эсептелет.
Улуу жазуучунун чыгармачылыгы дүйнөлүк деңгээлде таанылып, кыргыз адабиятынын алтын мурастарынын бири катары бааланып келет. Кеченин максаты Ч.Айтматовдун чыгармаларынын баалуулугун, анын кыргыз жана дүйнө маданиятына кошкон салымын даңазалоо.
Жыл сайын жазуучунун туулган күнүнө карата иш – чаралар өткөрүлүп, студенттер арасында улуу жазуучунун мурастарын жайылтууга жана руханий - адептик тарбия берүү максатын көздөйт.