Университеттин жашоосу
28 Август 2025
2025-жылдын 26-августунда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) башкы имаратынын конференц-залында мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К.Мураталиев менен жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага КММАнын ректору, проректорлору, факультет декандары, кафедра башчылары жана бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Жолугушууда жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү, медициналык билим берүү процессинде кыргыз тилин колдонуу жана окутууну өркүндөтүү багытында ар тараптуу маселелер талкууланды.

М.К.Мураталиев өз сөзүндө мамлекеттик тилдин статусун чыңдоо, окуу материалдарын жана илимий адабияттарды кыргыз тилине адаптациялоо, медицина тармагындагы адистердин тилдик компетенциясын жогорулатуу боюнча улуттук деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал тил саясатын өнүктүрүүдө жасалган бир катар иштерди белгилеп өттү. Атап айтканда, жасалма интеллекттин жардамы менен иштелип чыккан котормо сайттары, кыргыз тилин популярдаштырууга багытталган YouTube каналындагы мультфильмдер жана башка долбоорлор сунушталып жатканын билдирди.
И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору мамлекеттик тилди өнүктүрүү академиянын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул жаатта бир катар иш-чаралар аткарыларын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тил саясатын өркүндөтүүгө багытталган сунуштар кабыл алынып, мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.
