Университеттин жашоосу
4 Октябрь 2024
“Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 жарлыгын ишке ашыруу максатында, бүгүн 4-октябрь 2024-жылы И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйындар залында «Оюнар кылым карыткан, отунар өчпөйт тарыхтан” атту кече өткөрүлдү.
Кеченин жүрүшүндө коомдук ишмер, окумуштуу Э.Арабаевдин небереси, Билим берүүнүн мыктысы Нурипа Арабаева, Илимдер академиясынын Б.Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова жана КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү менен байланышкан 1924-жылдагы тарыхый окуяларды айтып өтүштү.
Ал эми студенттер окуу жайдын философия жана коомдук илимдер кафедрасы, кыргыз тили кафедрасынын жетекчилиги менен уюштурулган чакан концертти тартуулашты.