КММАнын педиатрия факультетинин 1-курсунун 4-тайпасынын студенттери Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында.
2024-жылдын 28-сентябрында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу, биология илимдеринин кандидаты, доцент Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич педиатрия факультетинин 1-курсунун 4-тайпасынын студенттери менен Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына экскурсия уюштурду.
Бул экскурсиянын негизги максаты студенттерди китепкана менен тааныштыруу жана билим алуу жолдорун көрсөтүү болду. Китепкананын кылымга жакын тарыхы, анын илим-билим булагы катары орду студенттерге тааныштырылды. «Билимдүүгө дүйнө жарык» демекчи, студенттер китепкананын фондундагы китептердин ар түрдүүлүгү жана байлыгы менен таанышып, окуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыкташты.
Музей бөлүгүндө студенттер Алыкул Осмоновдун кол жазмалары жана ырлары менен таанышып, «Миң уккандан бир көргөн артык» дегендей, өз көздөрү менен китепке жана анын жаралыш тарыхына күбө болушту. Бул экскурсия студенттерге чоң таасир калтырып, алардын билимге жана китепке болгон кызыгуусун күчөттү.