Университеттин жашоосу
3 Февраль 2026
2026-жылдын 28-январында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы Медициналык орто окуу жайынын көрүүсү боюнча майыптыгы бар студенттерине техника коопсуздугу жана эвакуация планы боюнча атайын окутуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Окутуу учурунда өзгөчө кырдаалдарда коопсуз эвакуациялоо тартиби, коркунуч жаралган учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери жана коопсуздук талаптары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чараны КММАнын Техника коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн инженери З.Т. Исмаилов өткөрүп, студенттердин суроолоруна жооп берип, практикалык сунуштарын берди.
Бул окутуу студенттердин коопсуздугун камсыздоого, өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатууга жана өз өмүрүн сактоо боюнча билимдерин бекемдөөгө багытталды.
