КММАнын "Кыз-жигит" Сармердени
Университеттин жашоосу 28 Ноябрь 2024

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйындар залында Аскердик медициналык даярдык жана экстремалдык медицина кафедрасынын студент-жигиттери менен Медакадемиянын "Педиатрия" факультетинин кыздары арасында кыз-жигит «Сармерден» концерт-сынагы болуп өттү.

"Кыз-жигит" сармерден өткөрүү – кыргыз элинин көөнөргүс салттарынын бири.

Сармерден айтышуу жалындаган таланттардын жандуу үнү менен аткарылган ыр-күү, бий, макал-лакап, табышмак, жаңылмач көрүүчуүлөрдүн жарпын жазып, көӊүлүн көтөрүп абалкы салтты азыркы күндө жандандырган бирден бир жогорку денгээлде өткөрүлгөн сынак болду.

Калыстар тобунун эсеби боюнча эки упай айырмасы менен сынакта кыздар командасы жеңип чыгышты. 

Иш-чаранын аягында катышуучуларга жана уюштуруучаларга алкыш айтылып, ыраазычылык каттар тапшырылды.