КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасында "Бүткүл дүйнөлүк кан донорлор күнү" белгиленди.
Университеттин жашоосу 21 Октябрь 2024

2024-жылдын 19-октябры күнү И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын педиатрия факультетинин 1-курсунун 10- тайпасынын студенттери үчүн өзгөчө күндөрдүн бири болду.

Анткени келечек ээлери И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология илимдеринин кандидаты, доцент Раимкулов Курсанбек Мамасалиевичтин катышуусунда "Бүткүл дүйнөлүк кан донорлор күнү" аттуу темада иш чара өткөрүштү.

 


Иш чаранын негизги максаты студенттерди өз алдынча изденүүгө көнүктүрүүгө, оратордук жөндөмдүүлүгүн арттырууга, адамдар арасында өзүнө болгон ишенимин күчтөндүрүүгө жана заман талабына ылайык технологияларды колдоно билүүгө багытталган.


Иш чаран жүрүшүндө студенттер кан донорлугунун тарыхы, маанилүүлүгү, коюлуучу талаптары, пайдалуулугу жөнүндө кенен маалымат алып, азыркы учурдагы кан донорлугу тууралуу маек курушту.
Аягында Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич жаштарыбыздын жаркын келечекке карай бийик көз карашын арттырып, аларга издесе табылгыс, тапса сатып алгыс баалуу кеңештери менен бөлүштү.
Мына ушундай жагымдуу мүнөттөр менен коштолгон иш чара баары үчүн пайдалуу болду жана бул күн биздин жүрөгүбүздө сакталат.