2023-жылдын 21-февралында Кыргызстан эл аралык университети тарабынан уюштурулган «Көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук – өнүгүүнүн жана достуктун символу» аттуу ЖОЖдор аралык студенттердин илимий-тажрыйбалык конференциясына И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары жетектеп барган 1-2-курстардын студенттери мыкты баяндамалар менен чыгып, байгелүү орундарга ээ болушту.
- Жылдызбек у Кутман
педиатрия факультетинин 2-курсунун студенти – 1-орун
Илимий жетекчиси Домасбекова С.А.
- Абдухомидов Сардор
№1 дарылоо иши факультетинин 2-курсунун студенти – 2-орун
Илимий жетекчиси Абдырасулова Э.К.
- Бактыбек к Сезим
ЖМИ (ВСО) факультетинин 2-курсунун студенти – 3-орун
Илимий жетекчиси Дүйшөналиева Ж.А.
- Арзибекова Нуржамал
№2 дарылоо иши факультетинин 1-курсунун студенти – 3-орун
Илимий жетекчиси Болотова А.Б.